«Ата-бабаларыбыздын атын, кылган ишин,
чапкан жолун сактоо - биздин ыйык милдетибиз»

Барс-бек

Барс-бек - бул тарыхта биринчи жолу кезиккен, кыргызча жазылган кыргыздын аты.

Барс-бек биринчи кыргыздардын каганы болгон. Ал VII-VIII кылымдарда жашаган. 

XIX кылымда орус дыйканы  Е.Ф.Корчаков  Алтын-Көлдүн  жээгинен  бир чакырым алыстыкта жайгашкан жерден эки таш плитасын тапкан.  Ал таштардын бирөөсү тарыхта белгилүү биринчи кыргыздын каганы Барс-бекке таандык болгон.

 Алтын-Көл. Алтай Республикасы (Орусия). Узундугу - 77,7км, туурасы – 2,5 км. Орустар Сибирге келгенде  ал жерде төөлөс (дөөлөс)  уруусу жашаган, ошол себептен, ал көлдү “Телесское (Телецкое) озеро” деп аташкан.

Тарых изилдөөчүсү Н.М. Мартьянов 1877-жылы  эки плитаны Минусинск шаарындагы  музейге  алып кеткен. Ал эми Барс-бектин таш  мамысы азыркы күнгө чейин Красноярск крайынын Минусинск шаарында  сакталып турат.

Плитанын узундугу - 185,5 см, жогорку  бөлүгүнүн  туурасы 43,5 см, жерге көмүлүүчү бөлүгү  25 см, жоондугу 20,5 см. Плитанын ылдыйкы бөлүгүндө (56 см) жазуу жок, ал жер алдына көмүлүүгө ылайыкташтырылган. Анын үч бети атайын сүрүлгөн жылмакай жасалган, анда 344 тамга менен  чегилген жазуу бар.  Плитананын бир бети жайыгыраак жылмакай жасалып, анда 149 тамга эки сап менен түшүрүлүп, тилке менен бөлүнүп жазылган. Бул жазуулар терең чегилип жазылгандыктан,азыркы күнгө чейин сакталган, тамганын бийиктиги 5 см. Калган эки бети үч саптан жазылган.

Таш плитасына чегилген Барс-бекке арналган төмөнкү ыр саптары азыркы кыргыз тамгалары менен берилди. 

 

Энем мени он ай көтөрдү!

Ал мени өз элиме алып келди.

Мен жер үстүндө өзүмдүн каармандыгым менен бекилдим.

Көп сандаган душмандар менен кайраттуу салгылаштым,

азыр элимен кетип, аны өкүттө калтырып отурамын.

Аттиң ай!

Инилериңизге жана агаларыңызга төөлөргө жүктөп

кербендерден белектерди жөнөтүп туруңуз.

Мен, Барс-бек, жер бетинде көргөндөрүмө,

иштериме жана эрдигиме тойгон жокмун!

Сиз атасыз эле баатыр болдуңуз!

Тайгандарыңыз, илбээсиндин артынан түшкөндө,

сиз конуштардын жанынан өттүңүз!

Өлүм деген инилерине жолобо – оо,

Барс, бизди таштап кетпе! Аттиң ай!

Биздин наамыбыз мындай – биз умайбектербиз,

биз өз урук-уруубуздун баатыр жокерлерибиз! Аттиң ай!

Алты эркекти өзүң менен кошо албадың!

Тулпарыңды өзүң менен албадың!

Үч идишти өзүң менен кошо албадың!

Оо, менини кымбатым! Оо, менин кенчим!

Бизди таштап кетпе!...

Бизди мурдакыдай эле кубант.

Оо, алтын Сунганын кул-кутаны, илбээсини көбөйө бер!

Өз урпактарыңды пайда кыл!

Менин Барсым аттарын жана өгүздөрүн,

бүткүл бул дүйнөнү таштап кетти, ал сапар тартты!

Аттигиниңай!

Менин аскердик эрдигиме, агаларымдын жана

Инилеримдин урматына бул түбөлүк эстеликти орнотушту.